Едигей (Идигу) (1352, кээ бир даректерде 1360–1419/23) – маңгыт уруусунан чыккан Ак Ордо эмирлеринин бири. «Мунтахаб ат-тауарихи Муиниди» деген эмгекте Токтомуш хандын колунан каза болгон Балтычак Едигейдин атасы экени айтылат. 1396-жылдан Едил (Волга), Жайык (Урал) суулары аралыгында өз алдынча бийлик жүргүзүүгө жетишкен. Едигей негиз салган Но­гой Ордосу анын уулу Нураддиндин (1426–40-ж. башкарган) тушунда толук калыптанган. Кутлук-Темир менен бирге Токтомуш ханга каршы согуш жүргүзүп, ал өлгөндөн кийин (1399) иш жүзүндө Алтын Ордодогу бийликти өз колуна алып, мурдагы Жучу улусуна караган аймакты акыркы жолу бириктирген Едигей болгон. 1406-ж. Батыш Сибирде Токтомушту өлтүрүп, 1407-ж. Булгар хандыгына жүрүш уюштурган. Алтын Ордого кайрадан салык төлөтүү үчүн орустарга аттанып барып (1408), Серпухов, Дмитров, Ростов жана башка шаарларды талкалап, Москваны курчоого алган, бирок багындыра албай кайткан. Алтын Ордодо башталган так талашуулардын натыйжасында 1410–12-ж. Хорезмге качууга аргасыз болгон. Бирок ал жактагы Герат ханы Шахрук тарабынан куулуп чыгып (1414), Сарайчук шаарына жакын жерде Токтомуштун уулдары колдуу өлгөн. Түрк тилинде сүйлөгөн элдер (ногой, башкыр, татар, кара калпак) айткан «Едигей» эпосунун башкы каарманы. Кыргыз фольклорунда да көп кезигет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1