Елүй Даши (Елюй Даши) – кара кытайлардын (кидандардын) Түндүк Кытайдан Борбордук Азияга журт которуп келген бөлүгүнүн жол башчысы, Кара кытай мамлекетинин гур-ханы.

Ал кидандардын Ляо дөөлөтүн бийлеген сулалесинен чыккан.

1124-ж. бир аз сандагы аскери м-н Түндүк Кытайдан Орхонго качып келип, чжурчжэндерге каршы күч жыйнаган (20 миңдей аскер). Тегерегиндеги түрк-моңгол элдеринен да күч топтоп, 1128-1129-ж. Беш-Балыкка (уйгурлардын Турпандагы ыйык кут өлкөсүнө) кол салган.

Чыгыш Түркстанда кыргыздар м-н да салгылашкан.

12-к-дын 30-жылдарынын башында Чыгыш Караханийлерди өзүнө каратып, Баласагун шаарын байтакты кылып алган.

Е. Д-нин аскерлери 1141-ж. 9-сентябрда Самаркандын жанындагы Катыван талаасындагы селжуктардын улуу султаны Санжардын кошуунун талкалаган.

Кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноев Е. Д-ни кыргыз элинин дастаны “Манаста” эскерилген калмак-кытай ханы Жолой м-н окшоштурган. Елуй Даши тузгон мамлекет тарыхта Батыш Ляо мамлекети деп аталат . Батыш Ляо мамлекети 1211-жылы найман ханы Кучлук басып алганча жашаган .Елуй Даши богдыхан титулун алып жургон.

Пайдаланылган адабияттар: түзөтүү

1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2


Шилтемелер түзөтүү