Ермак Тимофеевич (т. ж. белгисиз - 6. 8. 1585) - казак орустардын атаманы, Сибирди өздөштүрүү жана аны Орусия падышалыгына кошуу үчүн болгон жортуулдун башчысы.

1582-ж. Иртыштын боюнда Ермактын отряды Сибирь ханы Кучумдун негизги күчүн талкалап, анын борбору - Кашлыкты ээлейт.

Бирок Кучум хан күчүн топтоп, 1585-ж. 6-августтун түнүндө Ермактын отрядына капысынан кол салып, талкалайт.

Анын отрядынын калган бөлүгү чегинип кетет.

Кийин Сибирь хандыгынын кыйратылышы Батыш Сибирди өздөштүрүүгө жол ачкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.