ЖЭП-29 - Суусамырдагы жолду тейлөө ишканасы.

  • 1955-ж. уюштурулган.
  • Алгач ДЭУ-17 деп аталган (начальниги Бошкоев А).
  • Бул ишкана Фрунзе - Ош жолунун 133 кмден (Төө-Ашуудан) Жумгал районундагы Арал кыштагына чейинки жолду тейлеп келген.
  • Кийин 1959-ж. ишкана жоюлуп кетип, ага караштуу 200 км жол Сосновкадагы ДЭУ-9га өткөн.
  • 1974-ж. мурунку ДЭУ-17нин базасында ДЭУ-29 уюштурулган.
  • Буга Арал кыштагынан Фрунзе - Ош жолунун 145 кмине чейинки, Суусамыр-Батыш Каракол (85 км) жана Кызыл-Ой-Сары-Камыш жолдору (40 км) караган.
  • Ишкана иштеген мезгилде жолчулардын социалдык абалы жана аларды турмуш-тиричилик жактан тейлөө, материалдык база жакшырган.
  • Жолдун бөлүмчөлөрундө жолду тейлөөчү 7 дистанция, Тунук кыштагында 7 турак үйү, администрация кеңсеси, автомобиль жана жол курулуш техникалары үчүн гараж (жылууланган), май куюучу жай, ремонт цехи, Каракол жана Бообек участкаларында жолчулар үчүн 3 үй, Кызыл-Ойдо мастерской, механиктер үчүн эки квартиралуу үй, Кайсар айылында мал кашары, малчылар үчүн турак-жай жана 32 көпүрө курулган.
  • Ишкана керектүү техникалар менен жабдылып турган.
  • Ар түрдүү маркадагы 7 автомашина, С-100 бульдозёру, төрт ДТ-75, К-700 тракторлору, бир автогрейдер, бир КАВЗ автобусу болгон.
  • 1999-ж. бул ишкана жоюлуп, Сосновкадагы ДЭУ-9га өткөрүлүп берилген.
  • Суусамырга караштуу жол участкасын тейлеген жол мастери болуп Кучкачев Жанболот эмгектенип келет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9