Жайташ — аба ырайынын өзгөрүшүнө таасир кылуучу сыйкырдуу күчкө ээ таш. Коомдук өнүгүштүн алгачкы учурларында адам табияттын сырын билип, баш ийдирүүгө кылган аракетинен келип чыккан, жайташтын магиялык касиетке ээ экендиги жөнүндөгү шамандык түшүнүктүн пайда болушуна, биринчиден, эң алгачкы эмгек куралынын болушу, ал таштын көбүнчө суунун түбүндө же башка нерселерде орун алышы түрткү болгон. Жайташ моңголдордо "жада", "яда", казактарда "жайтас", якуттарда "сата" деп аталып, сыйкырдуу магиялык күчкө ээ таш катары сүрөттөлөт. Байыркы кыргыздардын ишениминде жайташ көбүнчө койдун же уйдун карынынан табылган. "Манас" эпосунда жайчылык өнөр жылан-ажыдаар менен байланыштырылат. Мифтик мындай ишенимди дүйнө элдеринин оозеки чыгармаларында кеңири кездешкен суунун ээси жылан, ажыдаар болуп эсептелген белгилүү салттык сюжеттин бир элеси, көрүнүшү катары кароого болот. Жайташты пайдалана билүү үчүн анын окуусун окуу керектиги түрк-моңгол элдеринин оозеки чыгармаларында көп айтылат. Бирок, башка элдердин эпикалык чыгармаларына караганда "Манас" эпосунун байыркы катмарында жаткан шамандык жайташ өтө кеңири баяндалат. Саякбай Карала уулунун айтуусунда жайташтын (жайчылыктын) эпикалык душман тарапка түшүргөн алааматы элестүү сүрөттөлөт:

Алтын айдар, чок белбоо,

Азизкандын жалгызы,

Карыкандын жай ташын

Чап жанынан алды эле,

Бир чөйчөктөй кара суу

Кур дегизе салды эле.

Жаканын баары жамгырлап,

Бөксөнүн баары мөндүрлөп

Жайдын күнүн кыш кылып ( Саякбай Каралаев, 2. 194).

"Семетейде" да жайташ согуш мезгилдеринде же бир зарыл учурларда колдонулат. Коңурбай, Мурадыл, Карагулдар кысталыш учурларда күндү жайлап, алай-дүлөй түшүрүп, изин жашырып кутулуп кетишет. Жайташты колдонгондо жайчылардын атайын окула турган магиялык күчкө ээ дубасы болгондугу да айтылат:

Жай ташты көлгө урду эле,

Күндү жайлап турду эле,

Булут ээси Бууракан,

Мунун атын чакырып

Жердин аты Жершамал,

Мунун атын чакырып ( Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 554 ИНВ., 375-б.),

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4