Жайыл дасторкон

жөө жомоктордо кезигүүчү кереметтүү буюм

Жайыл дасторкон - жөө жомоктордо кезигүүчү кереметтүү буюм.

Ал башка кереметтүү нерселер (казан, сабаа, сандык, токмок ж. б.) сыяктуу элдин бактылуу келечек жөнүндөгү көркөм чыгыш фантазиясынан жаралган. «Жайыл дасторкон» адамдын каалаганын заматта даяр кылат. Аны менен жөө жомоктун каармандары ар дайым жокчулуктан арылып, максатына жетет.

Эмгекчи эл «Жайыл дасторконду» адатта өздөрү сүйгөн каармандарга (же- тимге, кедейлерге ж. б.) гана ыйгарышкан.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.