Сандык - тоо капталдарындагы түзөң жер, рельефтин формасы.

Тоолордун структуралык түзүлүшүнө жараша жайгашат. Сандык негизинен тектон. жаракалардын багыты боюнча көтөрүлгөн байыркы пенеплен тегиздигинин калдыгы; кээде кар чеги жаткан бийикте физикалык үбөлөнүүдөн талкаланып, кар, муз жана жылып кеткен тоо көчкүлөрүнөн бошогон беттерде пайда болот. Сандык көбүнчө бүктөлүү-келки түзүлүштөгү тоолордо кездешет.

Мис., Суусамырдагы Кишиней жана Арамза сандыктары. Сандык деңиз деңгээлинен 2000-3500 м бийиктиктерде жайгашып, аянты 2-8 гектарга жетиши мүмкүн. Адатта альп, субальп өсүмдүктөрү басымдуу, кээде корум таш, шагылдуу. Казактарда үстү тегиз, капталдары тик, башкача айтканда «сандык сымал» тоолорду «сандык тоолор» деп аташат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2