Жайытта мал багуучулук - мал багуунунун бир формасы. Өз алдынча чарбалык-маданий тип. Алдыңкы Азиядан Жер Ортолук деңизинин аймактарына чейинки созулган тоо кыркалары, алардын кеңири өрөөндөрү эң байыртадан жайытта мал багуунун баштапкы областтары болуп эсептелет. Малчылыктын таралуусу, анын чектери түндүккө карай азыркы Германиянын аймактарына чейин жетет. Ал жердин жаратылыш шарты азыр да малды жайытта багууга мүмкүнчүлүк берет. Жер Ортолук деңизинин түштүгүндө (Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш) алыскы жайытта мал багуу көбүнчө жарым көчмөнчүлүк жана тоо көчмөнчүлүгү түрүндө жүргүзүлөт. Алыскы жайытта мал багуунунун «классикалык формасын» Балканда, Италияда жана Иберия жарым аралдарында кезиктиребиз. Ылайыктуу келген экологиялык шарттарда алыскы жайытта мал багуу Кавказда, Индияда, Афганистанда, Орто Азияда жолугат. Алыскы жайытта мал багуунун белгилери: алыска айдоого жарактуу мал, биринчи кезекте кой багышат. Короодо кармап багуу колдонулбайт, мал жыл бою жайытта кармалат. Жаздан күзгө чейин тоолуу жайыттарда, суук мезгилде өрөөндөгү жайыттарда багылат. Мал бир жайыттан экинчи жайытка дайыма которулуп жайылып турат, кээде ал бир эле маршрут менен жүргүзүлөт жана мамлекеттердин чек арасын кесип өтөт. Малды айдоонун өтө жооптуу мезгили жазгы жана жайкы жайытка алып чыгуу, суук мезгил башталарда өрөөнгө түшүрүү эсептелет. Ошентип, вертикалдык көчүү алыскы жайытта мал багуунун айырмалоочу белгиси. Мал багууда алыскы жайыт системасынын өзгөрүп туруучу формалары кеңири жолугат. Алардын баарын тең классификациялоо мүмкүн эмес, анын үстүнө кээде мал горизонталдык жайыттарга гана айдалары маалым. Мал багуу үй-бүлөдөгү эркектерге же жалданма малчыга тапшырылган. Мал дыйкан чарбасынын бир бөлүгүнө айланган. 20-к. тартып алыскы мал багууну арендаторлор, ишкерлер да жүргүзө баштады. Рыноктук шартта кой этин даярдоо, аны өзгөчө, күзүндө тез сатып өткөрүүнү талап кылат. Бул рыноктук мүнөздөгү жаңы өндүрүштүк жана чарбалык формалардын пайда болушу менен да шартталгандыгы белгилүү. Испания менен Италияда жайытта багылуучу мал үстөмдүк кылуучулардын менчиги болгон жана алар 18-к. чейин жүндү сатуудан, экспорттоодон көп пайда табышкан. Мезгил-мезгили менен дыйканчылык-мал чарбачылык комплексиндеги тең салмактуулук бузулуп турган. Өлүм жазасына тартуу коркунучунун астында жерди айдоого тыюу салынган жана жайыт катары пайдаланылган.

Жайытта мал багуу Евразиянын неолиттик маданияттарында башталган чарбанын байыркы формасы. Ал үчүн дыйканчылык болуш керек жана ал чөйрөнүн ыңгайлуу шарттарын пайдаланууга жараша көп мал кармоого мүмкүнчүлүк берет. Өзүнүн классикалык формасында жайытка мал багуу көчмөнчүлүктөн жана альпы чарбасынан айырмаланат, бирок стационардык малчылыктан көчмөнчүлүккө жана альпы чарбасына өтмө форманы элестетет. Чоң аймактарда бир эле маршрут менен жайыттарды бат алмаштырбай айдап отурукташкан дыйкандар менен тыгыз байланышка алып келген, ал өз кезегинде көптөгөн маданий жаңылыктарды, башка этностордун тилин кабыл алууга алып келген. Ошого байланыштуу жайытта мал багуу этногенез процессинде да чоң роль ойногон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү