Жакшылыков Керим 0(1922–1997) - обончу, ырчы Нарын районунун Дөбөлү айылында 1922-жылы туулган.

Жакшылыков Керим

Нарын облустук драма театрында ырчы, актер болуп иштеген. Боогачы Жакыпбек уулунун, Муса Баетовдун, Жумамүдүн Шералиевдин, Абдыкалый Темировдун ырларын ырдап, ж.б. күүлөрдү чертип, театрда чакан ролдорду аткарган.

  • 1949-жылы ал иштеген Нарын облустук музыкалык театры Ысык-Көл облустук драма театрына кошулган.
  • 1951–1964-жж. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген.
  • 1957-жылы Ш.Шеркулов, Э.Турсуналиев, К.Үкүбаев, Т.Карымшаков, М.Козубекова сыяктуу комузчулар менен Брюсселде өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө катышып, «Көйрөң күү», «Маш ботой», «Чайкама» күүлөрүн аткарышкан.
  • 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катышкан.

Ал «Эсте секет», «Жолугабыз аз күндө», «Чын сүйүү деп сеземин», «Бир өзүңө», «Эгер сүйсөң», «Аттардын сыпаты» ж.б. обондорду жараткан.

Өлгөн айылы түзөтүү

  • «Чын сүйүү деп сеземин.Тыныбековдуку
  • «Эсте, секет» с. Н.Байтемировдуку ж.б.

Дисктери түзөтүү

Бир өзүңө – К.Жакшылыков. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М 3035847 48 005, Чын сүйүү деп сеземин (Т.Тыныбеков) – А.Жумабаев, Жолугабыз аз күндө – К.Жакшылыков. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М 3035855 56 005.

Колдонулган адабияттар түзөтүү