Жакыпбеков Ишенбек (15. 12. 1952-ж. туулган, Суусамыр өрөөнү, Тунук кыштагы) - техника илимдеринин кандидаты.

Фрунзедеги политехникалык институтун (1974) жана Москва шаарындагы СССР курулуш комитетинин алдындагы аспирантураны бүтүргөн (1980). 1974-80-жылдары ФПИде мугалим, доцент (1997), илим изилдөө лабораториясынын башчысы болгон. Ал 40тан ашык илимий макалалардын автору.

Учурда Кыргыз Республикасынын бильярд-спорту федерациясынын вице-президенти. Жолуке уруусунан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9