Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык ,дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад шаарынан 5 км. Чыгыш тарапта. Көгарт өрөөнүндөгү Айыптоонун батыш капталындагы деңиз деңгээлинен 975 м. бийиктикте жайгашкан. Бишкек шаарынан 565 км. аралыкта (аба, темир жел жана автомобиль жолдору аркылуу катташат). Курорт аймагына арча, мисте, кара жыгач, туя, ак акация жана башка дарактар отургузулган. Климаты континенттик. Кышы жумшак, кар жылына 80 күндөн ашык жатат; январдын орт. температурасы – 20 Cге жакын. Жаз эрте келет; жылуу, кар марттын 2 – жарымында кетет. Жайы ысык, кургакчыл, июлдун орт. температурасы – 27 градус С. Жылдык жаан – чачыны 500 ммдей; негизинен күз-кыш мезгилдеринде жаайт. Жылдык орточо салыштырмалуу нымдуулугу 52%тей. Күн тийүү узактыгы жылына 2787 саат. Гелиотерапия үчүн метеорологиялык шарттар ыңгайлуу. Дарылоодо негизинен минералдуу суулар жана баткак пайдаланылат.

Жалала-Абад курорту.

Жалал-Абадтын дарылык касиети бир минералдык булактары жергиликтүү элге 10-кылымдан бери эле белгилүү. Суунун хим. Анализи алгачкы жолу 1877-ж. алынган. Ошол эле мезгилде округдун аскердик мед. инспекторунун талабы менен ванна жана лазарет салынган. Курорт 1900-ж. курула баштаган. 1912-ж. жергиликтүү бай Мурзакул тарабынан Айыпбулакка имарат салынган. 1918-ж. Советтик эл комиссариатынын курамына өтүп, элдик курорт статусу берилген. 1926 – 35-ж. 150 орундуу чакан үйлөр, курорттун №1 корпусу курулган. Согуш мезгилинде курорттун корпустары аскердик госпиталь катары пайдаланылган. Курорттун дарылоочу негизги жайлары 1954-68-ж. курулган. 1972 – ж. Жалал-Абад курорту. Буткул союздук курорт деген статуска ээ болот. 1984 – ж. дарылоо корпусунун жаңы имараты, ири мейманкана комплекси курулган. Курорт аймагында 75- 130м. Тереңдиктен бургуланып чыгарылган минералдуу суулары жана дары баткагы пайдаланылат.

Курорт минералдык дарылык суусу.

Курортту курчаган 7 булак бар. №1 булак “Кызбулак” деп аталып, суусунун темпуратурасы 440Сге жетет; минералдык составы туздуу, 1л. сууда 3 грамм туз болот. №5 булак “Айыпбулак” деп аталып газдуу, суусунун температурасы 410. №4 булак – “Акбулак” суусунун температурасы 210 гана болгондуктан муну кобүнчө жайкысын ванналарга сууну муздатуу ъчън бир аз кошуп пайдаланат. №27 булак ичүү ъчън пайдаланылат, бөтөлкөгө куюп сатылат. Жылуу суусу аз минералдашкан, азоттуу хлорид-гидрокарбонат-сульфаттуу, макгний-кальций-натрийлүү. Жегичи аз, составында кремний кислотасы көбүрөөк (30-35 мг/л). Минералдуу суусу составында микроэлементтердин көптүгү менен айырмаланат. Курорттун 2-дарылоо фактору – баткак. Бул жердин ылайлуу талаасы 2га аянтты ээлейт, тереңдиги 12мге жетет. Составы боюнча дүйнөдө сейрек кездешүүчү баткак болуп саналат. Ооруларды дарылоодо климаттын да мааниси зор, мында аэросолярий жана климаттык сере бар. Курортто суу жана баткак менен дарылоочу 20 ванна жана 24 кушетка бар. Оорулар ванна, душ, баткак алып дарыланышат. Жыл бою дарылоо бассейни иштейт, дарылоо-диагностика кабинеттери, лабораториялары бар. Суу жана баткак менен дарылоо, дарылоо физкультурасы, укалоо, климат менен дарылоо тамакты мүнөздөп ичүү менен коштолот. Курортто муун, нерв системасынын дарттарынан, карын, боор, өт баштыкчасынын сезгенүүсүнүн, тери, бөйрөк, гинекологиялык оорулардан жапа чеккендер дарыланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

...