Бальнеология (лат. balneum киринүү жана логия) - медицинанын минералдуу суулардын пайда болушун, физика-химиялык касиетин, ооруну дарылоо жана алдыналуу максатында аларды колдонуу ыкмаларын изилдөөчү бөлүгү. Бальнелогиянын бальнеотехника, бальнеотерапия ж. б. тармактары бар. Минералдуу сууларда түрдүү туздар, газдар, радиоактивдүү ж. б. заттар болгондуктан, алардын дарылык таасири ар түрдүү, анткени алардын дарылык касиети химия, температуралык жана механикалык факторлоруна байланыштуу болот. Минералдуу суулар ваннага, душ, бассейнге түшүү, ичүү, кээ бир органдарды «сугаруу», ооз, тишти чайкоо, ингаляция ж. б. түрүндө колдонулат. Минералдуу суулар жүрөк-кан тамыр, нерв, боор, ичеги-карын, аялдын жыныс ооруларында, тери оорусунда кеңири пайдаланылат. Анткени, минералдуу суунун таасиринен кан менен лимфанын кыймылы тездейт, зат алмашуу күчөйт, ички бездердин иштеши, маңыз чыгаруусу жакшырат. Минералдуу сууну колдонуу врачтын көзөмөлүндө болушу зарыл.

Курортор түзөтүү

Кыргызстан

 
Гагра, Кара деңиз тарабынын көрүнүшү.

Грузия

Дагы караңыз түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4