Жалжыр нефрит кени Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Жалжыр жана Улан сууларынын кошулган жеринен 3,5 км аралыкта. 1982-ж. табылган. Балыкты массивинде жашыл-боз нефритоиддер 3–5 см калындыктагы тарам түрүндө, серпентиниттердин арасында жайгашкан. Арчалы массивинде нефритоиддер калыңдыгы 20 см болгон тарам катары белгиленет. Нефритти камтыган тоотеги жакшы сайкалданат. Запасы эсептелген эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү