Жалкы тиштүү механизм – айлануу кыймылын бир тарапка гана берүүчү тиштүү механизм. Жалкы тиштүү механизм кармап туруучу түзүлүш катары (жүк көтөрүүчү машинада) же улам токтоп, мезгилдүү айлануу кыймылын жасоодо (автоматтык линиялардын берүү механизминде) колдонулат. Ал атайын формадагы тиштүү рычаг, тиштүү дөңгөлөктүн тишине такалып кала тургандай кылып жасалган. Рычаг артка түртүлүп калмайынча дөнгөлөктүн бир багытта айлануусуна мүмкүндүк берет. Жалкы тиштүү механизм негизинен кол лебедкаларда, механикалык сааттардын буроочу жана велосипеддин арткы дөңгөлөгүнүн механизмдеринде колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1