Жалпак-дөбө көрүстөнү – биздин замандын 3–4-кылымында жашаган байыркы көчмөн урууларга таандык көрүстөн. Алай өрөөнүнүн Сары-Таш кыштагынын түштүк-чыгышындагы Демей өзөнчөсүндө жайгашкан. Жарма көр түрүндөгү көрүстөндүн дөбөлөрү жөнөкөй жана таш аралашмасынан турган. Жалпак-дөбө көрүстөнүнөн оймо-чиймелүү, капталында эки арстандын башы түшүрүлгөн кооз айнек ваза, алтын беткеп, майда алтын буюмдар жана кытай тыйындары табылган. Археолог А. Абетеков изилдеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1