Жалпы географиялык карталар

Жалпы географиялык карталар – табигый жана социалдык-экономикалык негизги объектилерди (рельеф, өсүмдүк, суу, кыштак, транспорт тармагы, мамлекеттик, административдик чек аралар жана башка) чагылдырган карталар. Ири масштабдуу Жалпы географиялык карталарга топографиялык карталар кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1