Жал-арык ІІ көрүстөнү – биздин заманга чейин 6–3-кылымда жашаган көчмөн сак урууларына таандык көрүстөн. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул шаарчасына жакын жерде жайгашкан. Ал 120 майда жана чоң мүрзөдөн турат. 1963–64-, 1968–69-ж. Ы. Кожомбердиевдин жетекчилиги менен Кыргыз ССР ИАнын Тарых институтунун археологиялык экспедициясы изилдеген. Мүрзөлөр төрт чарчы, аң түрүндө казылып, үстү арча менен жабылып, топурак жана таш менен корумдалган. Айрым мүрзөлөрдүн дөбөлөрүнүн диаметри 2500–3000 мге чейин жетет. Көрүстөндөн табылган буюмдардын көбү алтын жана колодон жасалган. Алардын ичинен байыркы сактардын өнөрүн изилдөөдө жолборстун жана менен жылкынын сөлө-көттөрүнүн жана алтын сөйкөлөрдүн мааниси зор. Көрүстөндөн чыккан адамдын баш сөөгү калыбына келтирилип, байыркы сактардын антропол. келбети түзүлгөн. Археологиялык табылгалар Казакстан, Түштүк Сибирь, Борбордук Азия аймактарында жашаган байыркы көчмөн элдердин буюмдарына өтө окшош келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1