Жаманкулов Ажем - жазуучу. 1938-жылы 7-ноябрда Таластагы Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулган.

1961-жылы Бишкектеги Политехникалык институтун бүтүрүп, 1975-жылга чейин инженердик кызмат өтөп, Киров суу сактагычын курууга катышкан. Андан соң «Кыргызстан маданияты» жумалык гезитине кыз-матка келип, күч-кубатын жазуучулукка жумшаган. 1988-жылдан бери Жазуучулар Союзунун мүчөсү. 1994-жылдагы «Муххамед Алейхис-салам жөнүндө» конкурстун байгесине ээ болуп Түркия мамлекетинде, андан соң Иран-ислам Республикасында болгон.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Жалындуу тилек: Аңгемелер жыйнагы.– Ф.: Мектеп, 1973.
  • Көңүл учкундары: Повесть.– Ф.: Мектеп, 1977.
  • Тагдыр: Аңгемелер жыйнагы.– Ф.: Адабият, 1979.
  • Айылым жөнүндө баллада: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Адабият, 1984.
  • Арашан кайрыктары: Повесть. – Ф.: Адабият, 1989.
  • Курман айт баяны: 1995. – 20 б.
  • Алла: – Б.: Алтын тамга, 1998. – 57 б.
  • Чынгыз-70: Дастан. – Б.: Алтын тамга, 1999. – 40 б.
  • Аллах буйруган өмүрдө: 1-10 томдор, 2000-2018 ж.