Насырынбек Жаналиев

Жаналиев, Насырынбек‎»‎ барагынан багытталды)

Жаналиев Насырынбек (1909, Ат-Башы району, Ак-Жар айылы — 1989, ошол эле жер) — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер (1974), журналист.
1924-ж. Бишкек педтехникумун бүтүргөн.
1929—37-ж. комсомолдун Бишкек шааркомунун 1-катчысы, Өзгөн МТСинин комсомол кызматкери, Өзгөн райкомунун катчысы, комсомолдун Кыргыз обкомунун катчысы, "Ленинчил жаш" гезитинин редактору, 1937—42-ж. Кыргызстан КП БКнын аппаратында, 1945—49-ж. "Советтик Кыргызстан" гезитинде бөлүм башчы, 1949—53-ж. КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектептин угуучусу, 1953—75-ж. "Советтик Кыргызстан" гезитинин редакторунун орун басары, редактору болуп иштеген.
Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. "Ардак Белгиси", 2-даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.