"Жанна д’Арк" (англ. The Messenger: The Story of Joan of Arc) (французча:Jeanne d'Arc) 1999-жылы Люк Бессон тарткан тарыхый жана баатырдык драма. Тасмада роль жараткандар: Милла Йовович, Жон Малкович, Файе Данауэй жана Дастин Хоффман. Тасманын сценарийин Бессон жана Эндрю Биркин, музыкасын Эрик Серра жазган.

Тасма француз согушунун баатыры Жанна д’Арктын 15-кылымда кабыл болгон диний кыйноолорду баяндайт. Тасма Жанна д’Арктын үй бүлөсүнүн англиялыктардын зөөкүрчүлүгүнө кабыл болушу менен башталат. Жана ага мындай аракеттер англиялыктарга каршы согушту жетектөөгө дем күч берет. Анын англиялыктарды көздөй жетектөөсү Чарльз 7ге такты алууга жардам берет. Соңунда, Жанна кудайдан качкандыгы үчүн туткундалат.

Бессондун Йововичтин катышуусундагы буга чейинки тасмасы көптөгөн жакшы сын-пикирлерге кабыл болгон жана кирешелүү тасмалардын катарын толуктап экөөнүн тең келечегине жол ачкан. "Жанна д’Арк" ийгиликтүү тасмалардын бири болот деп күтүлгөн жана Бессон менен Йововичтин келечегине негиз болмок. Бирок, тасма сынчылар тарабынан ар кандай сын-пикирлерге кабыл болуп, 67 миллион АКШ долларын сарптаган тасма 67 миллион гана АКШ доллар киреше таба алган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү