Жанр же адабий жанр (фр.— тек, түр)—адабий чыгарманын негизги тектери — эпос, лирика, драма жана алардын ар кыл бөлүнүштөрү жанрга кирет. Жанр деп азыркы учурда адабий чыгармалардын түрлөрүнүн жана бөлүктөрүнүн формалары да аталат. М: лирикалык жанр. Ошондой эле тематикалык өзгөчөлүктөрүнө жараша да жанрга бөлүнөт. Мисалы, романдар тарыхый, психологиялык, саясий, илимий-фантастикалык роман болуп ажыратылат.

Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine