Башбаракты ачуу

Жантай батыр Карабек уулу (1794-1868) - белгилүү инсан, саясатчы.

Сарыбагыш уруусунун манабы Жантай Карабек уулунун дайыны биринчи жолу 1842-жылы Ормонду Буткул кыргыздардын ханы кылып жарыялаганда катуу чыккан. Жантай Ала-Тоодогу кыргыз урууларынын эң көрүнүктүү жетекчилеринен болгон. Ошол учурда анын Кыргыз мамлекетин түзүүдөгү ээлеген орду жогору болгон. Уруулардын ортосундагы бөлүнүп-жарылуулар жана тышкы себептер чыр-чатактарды ырбатып, ошол мезгилде кыргыздардын бир мамлекетке биригүү оюн үзгүлтүккө учураткан.
1854-жылы Ормон хандын өлүмү, замандаштарынын айтуусу боюнча, уруулардын ортосундагы чырчатакты ырбаткан. Түндүк Кыргызстандын элин көпкө дейре дүрбөлөңгө салган. Андай жаңы шартта Жантайдын жана анын он колу Жамансарынын(Кенже) таасири жогорулаган. Буга мисалы, 1855-жылы 13-сентябрда падышалык кызматчылардын биринин Жантайга жазган каты күбө: "Ак ниет акылман, досторунун коргоочусу, душмандан тайманбас, арстандын колу, жолборстун жүрөгү бар, урматтуу манап Жантай Баатыр Карабековго көптөн-көп таазимимди жөнөтөм, чың ден соолук, бакыт жана жыргалчылык каалайм". Каттын кайырмасы ушундай болгон. Кыязы, падышалык кызматчыллар да тегин кишилерден болбосо керек. Алар жергиликтүү башкаруучуларга көңүл жибиткен сый-урмат көрсөтө билишкен.

Андан ары минтип жазат: "Мага Урмандын (Ормондун) бугу уруусу менен согушу жөнүндө кабар келип жетүүдө. Урман өлгөндөн кийин (ага эми Кудай өзү калыс болот), мен ойлойм, сарыбагыш уруусунун башчысы сен болуп калдың, ошондуктан сага жакшы сөздөрүм менен кайрылып жатам. Богудан (бугудан) көп кан төгүлдү, алар көп жабыр тартышты. Эл алдындагы өзүңдүн бийлигиңдин күчү жана кадыр-баркың менен бөөдө кан төгүүнү токтоткула... Чынчылдыгы жана жүрөгүнүн актыгы менен менин урматтоомо татыган адам катары мен сага жакшы кеңеш менен кайрылам".

Жантайга Кокон төбөлдөрү да урматтоо менен мамиле жасашкан. 1863-жылы алардын бирөө жөнөткөн катында: "Бардык көчмөн элдер Кокон өкмөтүнө баш ийишти" деп жазып, Жантайды минтип жекирет: "Бирок, сиз, кадырлуум, бир барак кат жазып койбодуңуз, биз буга абдан таң калуудабыз". Хандыктын күчүн жана кадыр-баркын көрсөтүү үчүн сарыбагыш манабына андан ары минтип жазат: "Бизге жарашып-тил табышуу менен Кытай ханы жана Бухара падышасынан элчилер, ошондой эле Сирвандан Каратегиндер, Шатар жана Саябздан, Хитай жана Кыпчак урууларынын бектеринен адамдар келишүүдө"... Андан ары катта эскертуу айтылат: "Ислам үчүн каргыш тийген орустарга каршы кылычыбызды көтөрүп чыгуудан башка арга калган жок, биз жаздын келери менен бардык аскерлерибиз жана курал-жарактарыбыз менен бизден бөлүнүп калган элдерди бошотуу үчүн жөнөйбүз. Сиз кеңешүүгө жана ырайым алууга эртерээк келүүңүз керек". Кокон хандыгы ашкере убадаларды берүү менен Жантайды орустарга каршы жүрүшкө тарткысы келген.

1860-жылы Бишкектеги кокондук бийлик башчысы Атабек датка Жантайга кысым көрсөтүү үчүн каармандыгы жана курчтугу менен атагы таш жарган анын жыйырма жаштагы уулу Шабданды барымтага алган. Чындыгында сарбагыштардын келечекте Россиянын коргоосуна өтүп кетиши жөнүндө ой Кокон хандыгын тынчсыздандырган. Кокондо Шабданды эркелетишип, Малла хан ага алтын жалатылган кылыч жана мылтык, ошондой эле жибек чепкен тартуулаган.

Кыргыздын тектүү өспүрүмү 1860-жылы Узун-Агачта жакшы куралданган орус армиясы менен болгон хандын аскерлеринин салгылашуусун өз көзу менен көргөн. Кокон сарбаздары чабуулдун башталышында эле орус замбиректеринин добулдай бүрккөн огуна дуушар болуп, үрөйлөрү учуп качып жөнөгөн. Бул салгылашуу кокондуктардын Тундук Кыргызстандагы үстөмдүгүнө чек койгон. Кыргыздар хандыктын Россияга каршы туралбасына көздөрү жеткен. Коконго кандайдыр бир ылымдашууга негиз жок болучу. Кысым көрсөтүүдөн, тынымсыз салык алуудан, ошондой эле талап-тоноодон башка ал жактан эчтеке келчу эмес. Таразанын ташы Россияга ооп турган. Бул Жантай Карабеков менен анын уулу Шабдандын кийиңки жолун аныктаган. Алар ушул жолду тандап алуу менен, эч качан олку-солку болушкан эмес. Жантай Карабеков тарабынан уулуна берилген эстафета ишенимдүү колдо болгон.

Бугу, сарбагыш, саяк ж.б. уруулардын ар бир жолку россиялык бийликке кайрылуусунун, албетте, жергиликтүү, кээде уруулук тар мүнөздөгү себептери бар эле. Бирок кайрылуулардын бардыгы башка жакка эмес, а Россияга гана жөнөтүлүп тургандыгы көп нерсени билдирген. Россия Ала-Тоонун, бүтүндөй Орто Азиянын саясый турмушунун ажырагыс түйүнү болуп калган. Мына ушундан башталган иштин айныксыз түп-максаты акыр-аягында кыргыздардын тагдыры үчүн тарыхый мааниге ээ болгон. Жантай хандын он колу Жамансары(кее бир маалыматтарда Кенже)аябагандай бай болгон.Анын жылкылары сайдын суусун ичкенде,суу агымы азайчу.

Жамансарынын уч уулу болгон:Ысмайыл,Молдокан,Ысрайыл. Молдокандын эки уулу:Асангул,Эсенгул Асангулдун уулдары: Капар, Сапар