Жантемиров Асанбек (1908, Ак-Суу району, Тепке айылы — 1990, Жыргалаң) — артист, режиссёр жана обончу. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1947).
1924-ж. Каракол шаарындагы зоотехникумун, 1937-ж. Москвадагы Луначарский атындагы театр институтун бүтүргөн. Адегенде 1937—40-ж. Караколдогу колхоз-совхоз театрында артист.
1940—52-ж. Өзгөн элдик театрында режиссёр, 1953—64-ж. Тоң районундагы «Төрткүл» колхозунун маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп иштеген. Бул жылдардын ичинде К. Жантөшөвдин «Ким кантти», Р. Шүкүрбековдун «Жапалак Жатпасов» аттуу комедияларын жана башка ондогон спектаклдерди койгон.
Жантемиров обончу катары таанылган. «Гүлдөп ал», «Үлгү ырлары», «Күлүп кой», «Күлүмкан», «Талаанын гүлү селкиге», «Батмажан», «Эмне кызык», «Күттүм сени», «Күкүк», «Сыргажан», «Көл жээги», "Сүйгөмүн" жана башка обондору мукамдуулугу, жаркындыгы, жаңылыгы, көркөм каражаттарынын оригиналдуулугу менен айырмаланат.

Жантемиров Асанбек

Аткарылып жүргөн чыгармалары түзөтүү

  • «Жылдыздуу көл» с. А.Белековдуку
  • «Сүйгөмүн» с. Э.Турсуновдуку
  • «Күлүп кой» c. Ш.Бейшеналиев менен Ш.Усупбековдуку
  • «Күлүмкан» с. А.Жантемировдуку
  • «Күттүм сени» с. М.Жангазиевдики ж.б.

Дисктери түзөтүү

  • Күттүм сени – К.Бекназаров, Көл жээги (Э.Турсунов) – С.Токтоналиев. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М 3035855 56 005.

Колдонулган адабияттар түзөтүү