Жаныбар уусу менен уулануу

Жаныбар уусу менен уулануу. Айрым жаныбар жана курт-кумурскалар жашоо үчүн күрөштө чөйрөгө ыңгайлануунун натыйжасында уулуу болуп калышкан (Уулуу жаныбарлар). Алар жашоо үчүн күрөштө уусун ар кандай жол менен колдонот.

Жыландын уусу

түзөтүү

Жылан чаккан жер ачышып ооруйт, шишип чыгат, кызарат, ал шишик жайылып кетет. Өтө катуу ууланууда дене ысыйт, жүрөгү айланат жана кусат. Айрыкча балдар тырышат, жөөлүйт, жүрөк иши начарлайт. Чекир жылан, эфа чакканда бүт организм ууланат. Мында булчуң иши начарлап, тамакты жутуу жана сүйлөө кыйындайт.

Чаралар

түзөтүү

Жылан чаккан жерди сыгып канын чыгарып, анан ууну соруп түкүрүп салуу керек. Ал жерди кесип жиберүү, буугуч менен байлоо жарабайт. Жабыркаган бут же колду кыймылдатпай иммобилизациялоонун мааниси чоң. Жакынкы оорукана же поликлиникага тез жеткирүү зарыл. Кара курт же бөйү чакканда да ушундай жардам көрсөтүлөт. Булар чаккан жер өтө катуу ооруйт, ошондуктан шок болуп калбас үчүн ооруну басаңдатуучу дары (анальгин, ацетилсалицил кислотасы), эгер ал болбосо 30% этил спиртин (арак 50—100 мл) ичүү керек.

Уулуу балык

түзөтүү

Уулуу балыктын (жылтыр, ит мурун, осетр сымалдар) икрасын жеп ууланганда кусат, ич өтүп, ооруйт. Бул учурда карынды жууп, ич алдырма (30 г күкүрт кычкыл магнезия) каражат жана бесалол (1 — 2 таблетка) берилет.

Аары уусу

түзөтүү

Аары көп чаккан учурда (айрыкча аны өтө сезгич кишилерде) өмүргө коркунуч туулат. Анда аары чаккан жер шишип, эт аябай ысыйт, баш катуу ооруйт, тырышуу, акыл-эсин жоготуу да мүмкүн. Биринчи жардам иретинде башына муздак басып, коюу демделген таттуу чай, 1 г аспирин берип, врач чакыруу зарыл. Аары чаккан жердеги ийнесин сөзсүз алып таштоо керек.

Колдонулган адабият

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8