Жанымжан"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоо расмисинде аты жыйырма сегизинчи келип Бөгөл тагдырына буюрган Ж-га үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 418, 426).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4