Жапаркул Токтоналиев
Жапаркул Токтоналиев – жазуучу[1].
Жапаркул Токтоналиев | |
Токтоналы уулу Жапаркул | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: |
Тянь-Шань району, Куланак айылы |
Өлгөн датасы: |
3 -декабрь 2018 (92 жаш) |
Ал Тянь-Шань районунун Куланак айылында 1926-жылы 10-бугуда туулган.
1958–1959-жж. студент кезинде «Электротехникалык терминдердин түшүндүрмө сөздүгүн» түзүп илимдер академиясынын жактыруусунан өткөргөн.
1943-жылы Нарындагы педагогия окуу жайын, 1959-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун энергетика факультетин, 1974-жылы Ленинграддагы Тольятти атындагы инженердик-экономикалык институттун өнөр жай жана курулуш адистери факультетин бүтүргөн.
Эл агартуу, советтик, комсомолдук жетекчи кызматтарда иштеген. 1959-жылдан тартып инженер-электрик боюнча гидростанция курулушунда прораб, адистештирилген «Сельхозэлектро» курулуш башкармасынын башкы инженери, начальниги, Республикалык «Кыргызсельэлектро» трестинин башкы инженери, башкаруучусу, Кыргыз ССР айыл чарба министринин орун басары кызматында иштеген.
«Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген курулушчусу» ардак наамын алган, «Эл достугу» ордени «Күжүрмөн эмгек үчүн», «1941–1945-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согуштагы «Күжүрмөн эмгеги» үчүн жана Жеңиштин 30-40-50-жылдыгына арналган медалдар, ГОЭЛРОнун 50-60-жылдыгына арналган төш белгилери менен сыйланган.
2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жапаркулдун эки китептен турган «Хан Ормон» романы XIX кылымдагы кыргыз элинин оош-кыйыштуу доордогу жашоо-турмушун көркөм баяндайт.
Ал эми «Баатыр Шабдан» романы XIX кылымдын экинчи жарымы менен XX кылымдын башындагы тарыхка кайрылып, кыргыз элинин Орусия империясы жана Кокон хандыгынын талашына туш болгон мезгилин сүрөттөйт[2][3].
Жапаркул Токтоналиев 2018-жылы 3-бештин айыда 92 жашында дүйнөдөн кайткан[4].
Жарык көргөн китептери
түзөтүү- Терминологиялык сөздүк. – Б.: Кыргызстан, 1961. – 200 б.
- Кыргыз ССР айыл чарбасын электрлештирүүнүн проблемалары. – Ф.: Кыргыз ИНТИ, 1975. – 40 б.
- Мухаммед Пайгамбар: Баян. – Тегиран: Ал-Худо, 1995. – 12 б.
- Хан Ормон: Роман. I китеп. – Б.: Кыргызстан, 2000. – 280 б.
- Хан Ормон: Роман. II китеп. – Б.: Кыргызстан, 2001. – 290 б.
- Баатыр Шабдан: Роман. - Б.: Бийиктик, 2006. - 234 б.
- От карачырака к лампочке Ильича: Роман, хроника. - Б.: Бийиктик, 2007. - 146 б. (Орус тилинде жазылган)
Котормолору
түзөтүү- М.Рябинкин. Электр жөнүндө аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1960. – 210 б.
- Хожо Хафиз Хафиз наме: Поэма. - Тегеран, 1990. - 40 б.
Булактар
түзөтүү- ↑ Ааматов, М.; Чекиров, А.; Калыева, Ө. (2011). Кыргыз Республикасынын жазуучулары. Бишкек: Кыргызпатент. ISBN 978-9967-26-379-6.
- ↑ Китептин мазмуну: Баатыр Шабдан. Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасыны.
- ↑ Оторбаев, Болот. Жапаркул Токтоналиевдин «Баатыр Шабдан» романы, андагы ачылган образ…, «Азия Ньюс» гезити.
- ↑ На 92-м году жизни скончался писатель, заслуженный строитель Кирг.ССР Ж.Токтоналиев, kabar.kg (4.12.18).