Жапа-СалдыКыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Ак-Коргон айыл аймагы жана Ак-Там айыл аймагы бириккенден кийин Т.[2]Балтагулов айыл округунун составына кирген.

Отурукташкан жай
Жапа-Салды
Район Кыргызстан
Координаттар 41°27′27″ с. ш. 71°34′49″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1 754 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Жапа-Салды (Кыргызстан)

Кербен автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1350 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 8 км чыгыш тарапта. Наманган т. ж. бекетинен 73 км. Кыштак 1850-ж. негизделген. Калкы 1604 (2007); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Бир орто жана бир музыкалык мектеп, эки мечит, китепкана, медпункт, бала бакча, тигүү цехи, дүкөндөр, күрөш залы, бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП, мончо иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган, жана эс алуу паркы бар.

Калкы - 1 754 киши (2009).[1] Калып:Kyrgyzstan-stub

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1