Жарандык коом же атуулдук коом

1) коомдун жашоо ишмердүүлүгүнүн экономикалык, саясий, социалдык жана руханий чөйрөсүндө ыктыярдуу түрдө түзүлгөн мамлекеттик эмес түзүмдөрдү камтыган, өнүгүүнүн белгилүү бир тепкичиндеги адамдардын жалпылыгы;

2) конституциялык укук теориясында ― мамлекеттик эмес экономикалык, саясий, социалдык, үй-бүлөлүк, улуттук, руханий, диндик, үрп-адаттык ж.б. мамилелердин жыйындысы;

3) эркин индивиддердин жана ишмердүүлүгү мамлекеттик бийлик органдарынын кийлигишүүсүнөн мыйзам аркылуу корголгон, атуулдардын ыктыярдуу түрдө түзүлгөн уюмдарынын жана ассоциацияларынын чөйрөсү.

Жарандык коомдун негизги белгилери: менчик түрлөрүнүн ар түрдүүлүгү менен теңдиги; эмгек жана ишкердүүлүк эркиндиги; идеологиянын көп түрдүүлүгү менен маалымат эркиндиги; адам укуктары менен эркиндигинин сакталышы; өнүккөн өз алдынча башкаруу тутуму, заманбап укук бийлиги.

Жарандык коом мамлекеттен мурда түзүлгөн. Ал эми мамлекет болсо жарандык коом өнүгүшүнүн белгилүү бир тепкичинде, таптар пайда болгон мезгилде калыптанган. Жарандык коомдун андан ары өнүгүшү, аны менен мамлекеттин ортосундагы мамилелердин мыйзамдуу түрдө иреттелип, такталышына жана адамдын эркиндик, укук, экономикалык көз каранды эместиги сыяктуу баалуулуктарга негизденген консенсустун болушуна ыңгайлуу шарттарды түзгөн. XX кылымдын аягында жарандык коомдун жогорку өнүгүү деңгээлинин аркасында жашоонун индивидуалдык жана коомдук чөйрөсүнө мамлекеттин кийлигишүүсү өзүнүн эң төмөнкү чегине жеткен жана ушунун өзү өлкөдөгү саясий режимдин туруктуулугуна негиз түзгөн. Жарандык коом ― өзүн-өзү уюштурган жана өз алдынча өнүккөн тутум болуп эсептелет.

Жарандык коомдун жашоо ишмердүүлүгүнүн эң башкы шарты болуп анын ар бир мүчөсүнүн конкреттүү менчикке ээ болуу же ага ээ болууга катышуу, аны пайдалануу жана өз каалоосундай буйрук берүү укугу эсептелет. Ар түрдүү топтордун жана катмарлардын өкүлдөрүнүн кызыкчылыктарын чагылдырган, өнүккөн жана көп кырдуу социалдык түзүмдүн болушу жарандык коомдун жашоосунда маанилүү шарты катары чыгат. Такталбаган, ачык эмес социалдык түзүмдүн учурунда индивид мамлекет менен түздөн-түз байланышта болот, мунун өзү адамдын жеке укуктарынын жана эркиндиктеринин ишке ашырылуусун олуттуу түрдө чектейт. Инсандын социалдык, интеллектуалдык, психологиялык өнүгүүсүнүн жогорку деңгээлде болуусу, тигил же бул коомдун институтун ишине катышканда инсандын ички эркиндигинин жана толук өз алдынчалыкка жөндөмдүүлүктүн болуусу жарандык коомдун ишмердүүлүгүнүн зарыл өбөлгөсү болуп эсептелет.

Жарандык коомдун экономикалык чөйрөдөгү түзүмдөрү: кооперативдер, ижаралык бирикмелер, акционердик коомдор ж.б. чарбачылык кылууда жарандардын өз демилгелери менен түзгөн ыктыярдуу бирикмелери.

Жарандык коомдун социалдык-саясий чөйрөдөгү түзүмдөрү: үй-бүлө, коомдук, саясий кыймылдар жана уюмдар; жашаган же иштеген жери боюнча түзүлгөн коомдук өзүн-өзү башкаруу органдары; мамлекеттик эмес массалык маалымат каражаттары. Атуулдук коом руханий чөйрөдө ой жана сөз эркиндигин, өз оюн ачык билдирүүнүн чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн шарттайт; чыгармачылык, илимий ж.б. бирикмелердин мамлекеттен жана саясий түзүмдөрдөн өз алдынчалыгын жана көз каранды эместигин өбөлгөлөйт.

Булактар түзөтүү

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
  • Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8