Жаратылыш зоналары – геогр. кабыктын салыштырмалуу ири бөлүнүшү; геогр. алкактын ичинен бөлүнөт; термиялык шарты ж-а нымдуулугу б-ча белгилүү бир жалпылыкка ээ; жер бетинин физ.-геогр. бөлүнүшүнүн жогорку тепкичтеринин бири.

Зоналардын көбүнүн аты адатта, алардын ландшафттарынын өзгөчөлүктөрүн чагылдырган басымдуулук кылган өсүмдүктөрдүн тиби б-ча берилет; мис., токой зонасы, талаа зонасы, саванна зонасы ж. б. Мындай мааниде, ландшафттык зоналарга дал келет. Жаратылыш зоналары кургактыкка (негизинен ири түздүктөргө) мүнөздүү. Климаттын мейкиндик б-ча өзгөрүшүнө байланыштуу жаратылыш зоналары экватордон уюлдарды, океандардан материктердин ички бөлүктөрүн карай оошот. Зоналар көбүнчө кеңдик же субкеңдик (мис., Евразияда), кээде, негизинен орографияга ж-а материктердин конфигурациясына байланыштуу меридияндык же субмеридияндык багыттарда жатат (мис., Канада м-н АКШнын аймагында, Аскалуу тоолордун этектеринде мелүүн алкактын талаа зоналарынын субмеридияндык абалы).

Ал эми тоолуу аймактарга бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Жаратылыш зоналарында адатта, кескин чегара болбойт, бирок алардын ар бирине белгилүү бир климат, топурак, өсүмдүк ж-а рельеф пайда кылуучу процесстер үстөмдүк кылган ландшафттын өзгөчө тиби мүнөздүү. Ар бир зона нымдуулуктун, агымдын, өсүмдүктөрдүн вегетациясынын өзгөчө ритмикасына, экзогендик, геоморфологиялык процесстердин белгилүү бир айкалыштарына ээ; зоначаларга ж-а секторлорго бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2