Талаа зоналары – Түндүк жана Түштүк жарым шарлардын мелүүн жана субтропиктик алкактарындагы табигый аймактар. Мелүүн алкактын талаа зонасынын басымдуу бөлүгү айдоо талаалар, субтропик алкагыныкы көбүнчө сугат дыйканчылыгына жана жайытка айланган. Климаты кургак континенттик; кара коңур топурактуу. Табигый өсүмдүктөрүнөн ак кылкан, бетеге, коңур баш, грамм жана бизон чөптөрү, айрым жерлерде бадалдар, дарыя жайылмаларында токой кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү