Жарбаң Баатыр Манап Бий уулу (16-к.-дын аягы- 17-к.-дын 1-жарымы) –калмак баскынчыларына каршы күрөштө өзгөчөлөнгөн кол башчы.
Манап бийдин туң уулу. Кыргыздын алгачкы тарыхчылары Осмонаалы Сыдык уулунун, Белек Солтоноевдин, санжырачылар Талып Молдонун, Тоголок Молдонун, А. Алымкуловдун маалыматтары б-ча Жарбаң Баатыр 16-к-дын аягында Орто токой деген жерде туулган. Анын энеси Кызбийке төрөттөн каза болгон. Энесинин курсагын жарып, баланы аман алып калышкан. Атасы Манап: «Балам тирүү болсо уйдун сүтү менен эле чоңоёт, аты Сүтүке болсун», - деген экем. Бара- бара анын өз аты унутулуп, курсактан жарып алганына байланыштуу Жарбаң Баатыр аталып калган. Жарбаң Баатыр жаш кезинен эрктүү, чечкиндүү болуп өскөн. Калмактарга каршы күрөштө атасы Манап бийдин колунун бир бөлүгүн баштаган. Чоң салгылаштар алдында болуучу эрөөлдөрдө ага калмактын далай баатырлары тек келе алган эмес. Эрөөлдөрдө калмактардың ондон ашуун баатырын мерт кылганы, калмактын алпы Дөнөнжөй менен бир чай кайнам сайышып, чабышьш, кармашып, акыры женгени, Чоң черүүгө миңбашы болгону санжырада айтылып, тарыхый булактарда жазылып калган. Жарбаң Баатыр узак өмүр сүрүп, кыргыз-казак биримдигин чыңдоого, кыргыз элинин эркиндигин коргоого чоң салым кошкон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз тарыхы энциклопедия. 2003-ж.