Барактарды түзөтүү
Түзөтүү режимин иштетүү

Форматтоо же жасалгалоо
Иретке келтирүү

Вики шилтемелер
Барактарды бири-бири менен байланыштыруу

Түзөтүүлөрүңүздү сактоо
Оңдоп-түзөтүүлөрдү жарыялоо

Жаңы макалаларды түзүү
Нөлдөн баштап жаңы барак түзүү

Жыйынтыктоо
Эмнелерди үйрөнгөнүңүздү карап чыгуу


Түшүндүрмө

 

Майда түзөтүү Бул баракты көзөмөлдөө

Өзгөртүүлөрүңүздү сактоо менен, Колдонуу шарттарына, CC BY-SA 4.0 менен GFDL лицензияларына ылайык кайтарылгыс жарыялоого макулдугуңузду билдиресиз. Мындан тышкары, Creative Commons лицензиясына ылайык авторлукту белгилөө үчүн гипершилтемени же URL'ди көрсөтүп коюу жетиштүү дегенге макул болосуз.

Өзгөртүүлөрдү жарыялоо Алдын ала көрүү Өзгөрүүлөрдү көрүү Жокко чыгаруу

 

Өзгөртүүлөрүңүздү жарыялоого (сактоого) даяр болгонуңузда, алгач төмөнкү бир нече кадамдарды жасашыңыз керек.

Өзгөртүүлөрүңүздүн сиз ойлогондой көрүнүшүн текшерүү үчүн, Алдын ала көрүү баскычын басып, өзгөртүүлөрүңүздү алдын ала текшерип чыгыңыз. Баарыбыз ката кетиребиз, андыктан бул кадам макаланы өзгөртүүдөн мурун ал каталарды байкап калууга жардам берет.

Башка колдонуучуларга кандай өзгөртүүлөрдү жана эмне үчүн ушундай өзгөртүүлөрдү жасаганыңызды башкалар оңой түшүнүүсү үчүн "Кыскача түшүндүрүү" кутучасына түзөтүү тууралуу кыскача маалымат жазыңыз. Сиздин түшүндүрмөңүз кыска болгону жакшы. Мисалы, орфографиялык оңдоону жасап жатсаңыз, "катаны оңдоо" деп койсоңуз болот.


Эгер сиз орфографиялык же грамматикалык оңдоо сыяктуу талаш-тартыштарды жаратпаган кичине өзгөртүү киргизген болсоңуз, "☑ Майда оңдоо" кутучасын белгилесеңиз болот. Майда оңдоо - бул баракчанын маани-маңызын өзгөртпөгөн же башка редактор үчүн негиздүү талаш-тартыш жаратпаган өзгөртүүлөр болуп саналат.

Мындан аркы өзгөрүүлөр жөнүндө кабардар болуш үчүн жана көзөмөл тизмеңизге барак кошуу үчүн "☑ Бул баракты көзөмөлдөө " кутучасын колдонуңуз. Ошондой эле жогорку оң жактагы жылдызды чыкылдатып (иш тактада издөө кутучасынын жанында) тизме барактарын көрө аласыз.

Баракты алдын ала көрдүңүзбү? Түзөтүү боюнча кыскача маалымат жаздыңызбы? Анда сиз акыркы кадамга даярсыз. Өзгөртүүлөрдү жарыялоо баскычын басыңыз, ошондо сиздин өзгөртүүлөрүңүз дароо Википедияга жүктөлөт!