Жардам:Булак редактору аркылуу булактарга шилтеме берүү/5

Тастыкталгандык
Булактарга шилетеме берүүнүн маанилүүлүгү

Сырткы шилтемелер
Аларды кантип кошуу керек?

Шилтеме үчүн куралдар тилкеси
Оңой шилтеме берүү жолу

Ишенимдүү булактар
Кайсы булактар ишенимдүү жана жакшы?

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу


Кыскача мазмуну

  • Макаланын бардык мазмуну текшерилиши керек, башкача айтканда, ишенимдүү, жарыяланган булактар аркылуу тастыкталышы керек.
  • Бардык цитаталар, текшерүү мүмкүнчүлүгү талашка түшкөн же талашка түшүшү мүмкүн болгон материалдар, ошондой эле тирүү адамдар жөнүндө талаштуу терс, оң же бейтарап мазмундагы маалыматтарды тастыктаган булакка шилтеме берилүүгө тийиш.
  • Сырткы (саптар аралык) шилтемелер <ref>...</ref> тегдеринин ортосуна, алар тастыктаган фактыдан кийин коюлат.
  • {{Булактар}} калыбы макаланын аягында "Колдонулган булактар" бөлүмүнө текстеги шилтемелер туура көрсөтүлүшү үчүн кошулушу керек.
  • Түзөтүү терезесинин башындагы Шилтеме үчүн куралдар тилкесинен “Шилтеме берүүнү” чыкылдатып, булактарга оңой шилтеме берсеңиз болот.
  • Википедиядагы макалалар фактыларды текшерүү жана тактык менен белгилүү болгон ишенимдүү, жарыяланган булактарга шилтемелерди талап кылат.

Толук маалымат

Үйрөнгөндөрүңүздү иш жүзүндө колдонуңуз

Учурда шилтеме берилиши зарыл болгон маалыматтарды камтыган 487 682ден ашуун макала бар. Шилтемеге аңчылык куралы сизге туш келди макалаларды сунуштап, үстүндө иштеле турчу шилтемелерди оңой табууга жардам берет. Бизге "Шилтеме талап кылынат" маселесин чечүүгө жардам берүү аркылуу жаңы көндүмдөрүңүздү иш жүзүндө колдонуңуз