Жардам:Булак редактору аркылуу сүрөттөргө киришүү/2

Киришүү
Википедияга сүрөттөрдү кошуу

Сүрөттөрдү жүктөө
Миң сөзгө тете

Сүрөттү колдонуу
Сүрөттү макалага кошуу

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөн нерселериңизди карап чыгуу



Wikimedia Commons logo

Көпчүлүк сүрөттөрдү жүктөө үчүн эң жакшы жер бул вики казына болуп саналат жана википедиялар тарабынан бир нече тилде колдонула турган коллекциянын бир бөлүгүнө айланат. Вики казынадагы сүрөт же видеолорду ар кыл тилдердеги википедиялар, тектеш долбоорлор жана жалпы коомчулук колдоно алышат.

Вики казынага сүрөттөрдү жүктөө үчүн, жүктөө процессин көрсөтүүчү Жүктөө устаты куралын колдонсоңуз болот.

Маанилүү эскертүү: Вики казына эркин лицензияланган сүрөттөрдү гана кабыл алат. Бул интернетте табылган сүрөттөрдүн көбүн жүктөй албайсыз дегенди билдирет, анткени алардын басымдуу бөлүгү акысыз эмес жана эркин колдонууга уруксат берилген эмес.

Википедияда эркин лицензияланбаган сүрөттөрдү жана аларды адилеттүү колдоно турган айрым жагдайлар бар. Адатта, сүрөттүн болушу окурмандардын теманы түшүнүүсүн кыйла жакшыртса, эркин мазмундагы башка альтернатива жок болгондо жана аны колдонуу анын ээсинин коммерциялык кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизбегенде гана сүрөттөрдү колдонууга болот. Мисалы; тасма плакаттары, корпоративдик логотиптер жана веб-баракчалардын скриншоттору.

Эркин эмес сүрөттү жүктөө үчүн, бардык керектүү маалыматты кошууга жардам берген файлды жүктөө устатын колдонуңуз. Устатка шилтемени экрандын сол жагындагы "Куралдар" астынан тапса болот.