Жардам:Википедияда багыттоого киришүү/6

Киришүү
Википедияда багыттоо

Аталыштар мейкиндиги
Барактардын ар кандай түрлөрү

Барактарды издөө
Каалаган нерсеңизди табуу үчүн амалдар

Барак тарыхтары
Мурунку түзөтүүлөрдү караңыз

Пайдалуу шилтемелер
Редакторлор үчүн ыңгайлуу барактар

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу


Жогоруда

Эгер сиз аккаунтуңуз менен кирсеңиз, анда экраныңыздын жогорку оң жагында пайдалуу шилтемелерди көрө аласыз:

  • Колдонуучу атыңыз сизди колдонуучу барагыңызга алып барат, ал жерге өзүңүз жөнүндө маалымат кошсоңуз болот.
  • Көзөмөл тизмеси () сиз көзөмөлдөп жаткан барактардагы акыркы өзгөрүүлөрдү көрсөтөт (аны көрүү үчүн барактын жогорку оң жагындагы жылдызды чыкылдатыңыз).
  • Маегим сиздин талкуу барагыңыз болуп саналат, ал жерде адамдар сизге билдирүү калтыра алышат.
  • Кум кутучасы – бул сиздин колдонуучу мейкиндигиңиздеги барак, анда сиз чыныгы википедия барагында көйгөйлөрдү жаратып калам деп коркпостон түзөтүү менен эксперимент кыла аласыз.
  • Жөндөмөлөр болсо сырсөзүңүздү өзгөртүүгө жана электрондук почта дарегиңизди, Вики программалоо жөндөөлөрүн ыңгайлаштырууга мүмкүндүк берет.
  • Салымдарым сиз жасаган бардык түзөтүүлөрдүн тизмесин камтыйт.
  • Чыгуу болсо сизди каттоо эсебинен чыгарат.

Сол тарапта

Ар бир барактын сол тарабында да төмөндөгү кошумча шилтемелердин топтому бар:

  • Жардам википедиянын жардам барактарынын кирүүнүн баштапкы чекити болуп саналат.
  • Жамаат порталы – жаңылыктар, талкуулар жана жардам берүү жолдору менен бөлүшүлө турчу редакторлор үчүн атайын борбор болуп саналат.
  • Шилтемелер – бул жерде кандай шилтемелер кандай макалага шилтеме берип жаткандыгын көрсөтөт.
  • Тектеш өзгөртүүлөр макаланын шилтемесиндеги барактарга киргизилген өзгөртүүлөр тизмеленген.

Пайдалуу шилтемелер

Википедияда билүү керек болгон дагы бир нече барактар бар:

  • Эрежелер кыргыз википедиясында макала жазууда колдонулган орфографиялык эрежелер.