Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 4—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: жер.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар жарга жакын жерге бир катар болуп турушуп шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден жардан секирип түшүшүп кайрадан өз ордуларына турушат. Оюн 8—10 жолу кайталанышы мүмкүн. Аз убакытта жардан секирип түшүп, өз ордуна келген оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине тоскоолдук кылууга, жардын түбүнө турууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Секирип түшчү жер жумшак жана тоскоол кылчу буюмдарсыз болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнду күч, ылдамдык, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, секирүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү