Жариков, Марат Григорьевич

Жариков, Марат Григорьевич (1930-ж.т., Минск ш.) – геолог, геология-минералогия ил. кандидаты, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972). Ташкендеги Орто Азия политехника ин-тунун геол. чалгындоо факультетин бүткөн (1954). Борду геол. чалгындоо партиясынын геологу (1954–56), Борбордук Кыргызстан экспедициясынын башкы инженери (1956–57), Айдаркен геол. чалгындоо партиясынын башкы инженери (1957–58), Түштүк Кыргызстан комплекстүү геол. экспедициясынын Улутоо геол. чалгындоо партиясынын башкы геологу (1959–63), Түштүк Кыргызстан комплекстүү геол. экспедициясынын начальнигинин биринчи орун басары – башкы инженери (1963–66). 1966-жылдан кийин СССР Геол. министрлигинде иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү