Жаркорумду мөңгүсү
Жаркорумду мөңгүсү — Ички Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Кызарт кырка тоосунун түндүк капталында. Кочкор суусунун алабынан орун алган. Узундугу 3,9 км, аянты 5,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4155 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3960 м, абляция облусунун аянты 3,2 км2. Азыркы мезгилде мөңгү бир калыпта тартылууда. Мөңгүдөн Жаркорумду суусу башталып, Кочкордун оң куймасы – Кызартка оң тараптан куят.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|