ЖАРКЫНАЙЫМ Токтоназар кызы, Хаким айым (1802–1868) – Кокон ханышасы, коомдук ишмер; ордодо «Хаким айым» деген ысым менен белгилүү болгон. Ошол доордогу кыргыз элинде гана эмес, коңшу хандыктар менен элдерде кадыр-баркка ээ болгон саруу уруусунун бийи Аспердинин кызы. Саруу уруусунун сейит уругунан. Жаркын айымдын бала чагы Талас өрөөнүндө Карабуура суусунун жээгинде өткөн. Жаркынайым келишкен, сулуу, акылдуу, сөздү орду мененн сүйлөгөн, эли кадырлаган кыз болгон. Атасы Меккеге ажылыкка барып келгенден кийин, Жаркыайымды жээни Шераалыга алып берген (к. Шераалы хан). Жаркынайымдын мамлекеттик жана коомдук иштерге катышуусу 1842-ж. Шераалынын Коконго хан болушунан башталат. Жаркынайымдын ордодо аялдардын гана эмес, жогорку башкаруу чөйрөсүндө да абройго ээ болгон жана бардык мамлекеттик иштер анын кийлигишүүсү менен бүткөн. Касым миң башынын өлүм жазасынан бошотулушунда Жаркынайым кийлигишкен. 1853-ж. ордодогу ичара тирешүүлөрдөн кийин, Жаркынайымдын буйругу менен Мусулманкул дарга асылган. Ошрндой эле көп мамлекеттик иштер, инсандарды кызматка дайындоо Жаркынайымдын көрсөтмөсү менен ишке ашып турган. 1862-ж. Бухара эмири Музаффардын жардамы менен уулу Кудаярга бийликти алып берген. Кокон ордосундагы саясий күчтөрдүн күч алышы жанаа алардын кызыкчылыктары үчүн уулдарынын өзара аргасыз согуштарынын натыйжасында уулдарынын, неберелеринин набыт болушу Жаркынайымдын саясий-дипломатиялык иштерине себепчи болгон. Хан энеси жүрөгүн ооруткан ушундай иштерден улам мамл. саясий иштерге кийлигишкен. Ошол мезгилдин атактуу зайыптары Курманжан м-н Зыйнатка «датка»наамын ыйгарууда да Жаркыгайымдын эмгеги чоң. Ордодогулар «Ханышайым» же «Хаким айым» деп кайрылышкан. Кокон тарыхчысы Мырза Алим апасынын жана карындашынын өлүмү Кудаяр хандын бийлигинин бошоңдошуна себепкер болгондугун жазган. Кудаяр хан күн сайын эртең менен апасынын акыл- насаатын угуп, ошол боюнча иш жүргүзгөн жана ага таазим кылган. Жаркынайым өмүр бою ордонун ортосунда тигилген кыргыз боз үйүндө жашаган, каза болгондо аза күтүү бир нече күнгө созулуп, чоң урмат-сый менен коюлган. Кокондон гана эмес, башка жактардан дагы элдер келип, мүрзөгө чейинки жол адамдарга толуп калгандыктан, табытты жайына чейин колмо-кол узатышкан. Кийин Кудаяр хан энесинин урматына 1869–1870-ж. Кокондо медресе курдурган. Хаким айым медресеси Жамы мечитинин чыгыш тарабында жайгашкан. Курулушту Мулла Төрө уулу башкарып, 1870-жылы бүткөрүлгөн. Кийинки жылы Кудаяр хандын буйругу м-н Сырдарыядан Шахрихандын чыгышына чейин арык чыгарып, андан түшкөн каражатты Хаким айымдын медресесине вакф кылып берген. Медреседен калган жалгыз эстелик – «медресенин эшиги» азыркы күндө Кокон сарайы тарыхый музейинде сакталып турат. Ал эми Кокон ш-нын борборунда Ж-дын күмбөзү Шераалы хандын күмбөзүнө жанаша бүгүнкү күнгө чейин ошол бойдон турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)