Жарма-сай доломит кени - Баткен облусунун Лейлек районунда, Сүлүктү шаарынан 3 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 1205–1325 м бийикте жайгашкан. 1949–72-ж. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы палеозой заманындагы доломит тектеринен турат. Доломитти кара металлургия, кээ бир түрүн химиялык, кагаз жана айнек өнөр жайында пайдаланууга болот. С1 категориясы боюнча запасы 993,4 миң м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1