Жарык модуляциясы - оптикалык диапазондогу электр-магнит толкундардын амплитудасынын (интенсивдүүлүгүнүн), термелүү жыштыгынын жана фазасынын өзгөрүшү.

Жарык модуляциясында жарык термелүүсүнүн гармоникалык составы өзгөрөт. Жарык модуляциясы жарык менен кошо тараган керектүү информацияларды бөлүп алууга мүмкүндүк берет. Модуляцияланган термелүүнүн жардамы менен берилүүчү информациянын саны термелүүнүн жыштыгына жараша болот.

Модуляциялоочу термелүүнүн жыштыгы модуляцияланган термелүү жыштыгынан аз болууга тийиш. Көзгө көрүнгөн жарыктын термелүү жышт. 1015-1016 гц, ал эми оптикалык диапазондогу нурлануу 10,2ден 1020 гц ке чейин. Кийинки жыштыктын мааниси информацияны берүүгө арналган модуляцияланган термелүүнүкүнөн кыйла көп. Бул шарт Жарык модуляциясынын маанилүү экенин көрсөтөт.

Техникада колдонулуучу модуляциялоочу сигналдын жыштыгы оптикалык диапазондо колдонулуучу нурлануу жыштыгына караганда өтө аз болот, ошон үчүн анын гармоникалык составынын өзгөрүшүн эске албаса да болот.

Демек, жарык агымынын интенсивдүүлүтүнүн мезгилдүү эмес өзгөрүшүн Жарык модуляциясы деп түшүнүү керөк. Жарык агымынын импульс түрүндөгү жарык сигналы - Жарык модуляциясынын жөнөкөй түрү. Атом, молекула жана иондор чыгарган жарык табигый Жарык модуляциясы деп аталат.

Жарык заттан чачыраганда, жарык нурлары түрдүүчө өз ара аракеттенгенде табигый Жарык модуляциясы пайда болот. Оптикалык локацияда Жарык модуляциясынын жардамы менен аралык жана кыймылдоочу нерсенин ылдамдыгы аныкталат.

Жарык модуляциясы үндү оптикалык жол менен жазууда, фототелеграфта, телекөрсөтүүлөрдө, эсептөө техникасында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.