Модуляция (телемеханикада) — берилген кабарга жараша информа­ция ташыгычтын параметрлеринип өзгөрүшү.

Информация ташыгыч ка­тары электр тогу же электр-магниттик термедүүлөр колдонулат. Модуляция амплитудалуу, жыштыктуу, фазалуу, импульстуу болуп бөлүнөт.

Телемех. информацияларды жыштыктуу жанa фазалуу Модуляция аркылуу берүү амплитудалуу Модуляция аркылуу берүүгө Караганда кедергеге туруктуу келип, катаны азайтат, информацпя­ларды алыс аралыкка берүүгө мүмкүндүк берет, бирок татаал аппаратураны талап кылат. Телемеханикада импульстуу Модуляциянын амплитуда им­пульстуу, жыштыкту импульстуу, убакыт-импульстуу, кеңири импульстуу түрлөрү колдонулат. Модуляциянын бул түрлөрү татаал аппараттарды талап кылбайт жанa телемех. информация­ларды алыс аралыкка берүүдө колдо­нулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.