Жасалгалоо (латынча decoratio – кооздоо) – жасалга живописинин сахнада коюлуучу оюнду көркөм жабдуу үчүн пайдаланылуучу чыгармасы. Ж. катуу кездемеде чаптагыч боёктор менен аткарылат. Кеңири мааниде Ж. – кандайдыр бир кооздук жасалгаларынын ансамбли, системасы, мүнөзү. Термин көп учурда архитектуралык курулуштарды жана театрдагы оюндарды жасалгалоодо колдонулат (мисалы, интерьер жасалгасы, биринчи актыны жасалгалоо). Ал жасалга-колдонмо көркөм искусствосунда (мисалы, антиквардык эмеректе) аз кездешет. Адис архитектор, көбүнчө ушул терминге маанилеш жасалга (декор) деген терминди колдонот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү