Жасалгалык скульпторлук

Жасалгалык скульпторлук (латынча decorare – кооздоо) – шаардын көчөлөрүн, парктарды, аянттарды, имараттардын сырткы бет маңдайынан көрүнүшүн, фасадын жана интерьерин (ички көрү­нүшүн) кооздоо максатында архитектуралык ансамблдин бир бөлүгүн түзгөн скульпторлук (скульптура). Ж. с. өз ичине камтыйт: 1) станоктук живопись чыгармаларына өзгөчө белгилери менен жакын, өз алдынча мааниси бар, архитектура менен тыгыз байланышкан статуя жана рельефтерди (мисалы, «Революция аянты» деп аталган Москва метрополитенинин станциясындагы скульптураны. 2) кошумча архитектуралык элементтер-криатиддер, атланттар статуя – фонтандардын жана башкалардын функциясын алып жүрүүчү статуяларды; 3) колдонмо көркөм искусство предметтериндеги жана имараттардын кээ бир бөлүктөрүндөгү скульпторлук (скульптуралык) орнаментациянын бардык түрүн (буга металлдан жана башкалардан чегилген жана куюлуп уютулган жасалгалар, рельефтик изразецтер (өң жагы көзөнөкчө­лөнгөн бышкан кыштар жана бир нерсени жабыштырып жасоо да кирет); 4) турак жайлардын ички кооздугун жана жасалгасын түзүүчү металлдан, фарфордон, мармардан жана башка материалдан жасалган майда статуэткалар. Кеңири жана анча так эмес маанисинде Ж. с. түшүнүгү кээде өзүнүн көркөм образынын чоң өз алдынчалыгы менен жасалгалык скульпторлуктан айырмаланган (к. монументалдык скульпторлук макаласын), бирок архитектуралык ансамблдин курамына кирген скульптуралык эстеликтерге (к. монумент макаласын) да таркалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү