Жатан (ятан) чопо кени Ош облусунун Ноокат районунда, Эски-Ноокат кышаарынан 7 км түш.-чыгышта, Алай кырка тоосунун түн. этегинде. 1949-ж. табылып, 1957-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын силурдун чополуу сланецтери, кумдук, акиташ теги, юра мезгилинин чопо, көмүрлүү чопо, алевролит, аргиллит тектери түзөт. Пайдалуу чопо катмары юранын алевролит, аргиллит тектеринин арасында жатат. Калыңдыгы 12-35 м, узундугу 2 кмге созулат. Чопонун чоюлгуч касиети жогору. Кирпич жана карапа буюмдарын жасоого жарамдуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү