Жашоо үчүн күрөш – жашап кетүүгө жөндөмдүүлүк менен бирге өзүнөн кийин тукум калтырууга жөндөмдүүлүгү, түр ичиндеги жана түр аралык конкуренция , ошондой эле тышкы чөйрөнүн абиотикалык шарттарына карата организмдердин аракети. Ж. ү. к. Ч. Дарвиндин эволюциялык теориясынын бирден бир негизги түшүнүгү. Ж. ү. к-түн 3 формасы бар, түр ичиндеги Ж. ү. к.; түр аралык Ж. ү. к.; чөйрөнүн ыңгайсыз шарттарына каршы күрөш. Ж. ү. к-түн негизинде табигый тандалуу жүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү