Жашылча өсүмдүктөрү - ширелүү чөп өсүмдүктөр.

Алар байыртан белгилүү экендиги жөнүндө 5 миң жыл мурдагы жазма маалымат бар.

Жашылча өсүмдүктөрүнүн 120дан ашык эгилме түрү маалым. Алардын эң негизгилери 10 тукумга таандык да, бир, эки жана кеп жылдык болуп бөлүнөт. Бир жылдыгы -томат, калемпир, физалис, баклажан, буурчак, маш буурчак, төө буурчак, бадыраң, дарбыз, коон, ашкабак; булар бир жыл ичинде урук байлап, куурайт. Эки жылдыгы - кыркма пияз, сарымсак, капуста (гүл жана Пекин капустасынан башкасы) ж. б.; булар 1-жылы азыктык мөмө, 2-жылы урук байлайт.

Көп жылдыгына ышкын, козу кулак, шыраалжын, пияздын айрым турү, хрен, спаржа кирет; булардын сабагы күзүндө куурайт, тамыры жазга чейин сакталып, жазында кайра өсөт.

Жашылча өсүмдүктөрү жылуулукту көп керектейт, семиз жана нымдак жерге жакшы чыгат. Кээ бир түрү суукка чыдамдуу келет да, түндуктө, мелүүн алкакта жазга маал, субтропикте кышында да эгилет. Жашылча витаминдердин негизги булагы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.