Жашыл-көл, Чоң Кемин өрөөнү
Жашыл-көл, Чоң Кемин өрөөнү – Иле Ала-Тоосунун түштүк капталындагы тоо көлү. Чоң Кемин өрөөнүнүн төрүндө, деңиз деңгээлинен 3121 м бийикте жайгашкан. Аянты 0,27 км2. Көл өтө кооз, анын чанагы байыркы зор көчкүнүн өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Көл мөңгү, жаан-чачын, кар суулары менен толукталып, андан Жашыл-Көл суусу агып чыгат да, Чоң Кемин суусуна куят.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1