Чоң Кемин өрөөнү - Күңгөй жана Иле Ала-Тоолорунун ортосунан орун алган. Уз. 120 км, туурасы 1-10 км, өрөөндүн башы (чыгышы) Кемин-Челек тоо тоомуна такалып, аягы (батышы) Чүй өрөөнү менен туташат.

Түндүк-батышынан Кемин тоосу менен чектешет. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1340 жден (Чоң Кемин суусунун чаты) 3200 мге чейин (Ак-Суу жана Челек сууларынын кошулган жери). Рельефи бардык жерде бирдей эмес. Жинди-Суудан чыгышты карай аянты 406 км2 келген байыркы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон тепши сымал өрөөн - Көк-Ойрок (уз. 35 км, туурасы 0,5-1 км) жайгашкан. Чым-Булактан Жинди-Сууга чейин Ортонку Кемин капчыгайы созулуп жатат. Анын капталдары тик, таманы кууш. Төртүнчүлүк мезгилде калыптанган 6 тектир бар. Ак-Таш-Короо суусунан Чым-Булакка чейин 25 км аралыкта туурасы 8-9 км, тектирлүү (7), кенен, жайык түздүк жатат. Ал төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрүнө толгон. Өрөөндүн бул бөлүгүндө айдоо жерлер, айыл-кыштактар жайгашкан. Төмөнкү Кемин капчыгайы (Ак-Таш-Короо суусунан Чоң Кеминдин чатына чейин) агын суунун аракетинен пайда болгон. Борбордук Кемин тектоникалык жаракасы буга көмөкчү болгон. Анын уз. 7 км, туурасы 300400 м (айрым жерлерин Чоң Кемин суусунун нугу гана ээлейт).

Өрөөндүн геологиялык структурасында протерозой менен палеозойдун кристаллдуу жана метаморфизмделген сланецтери, гнейстери, мигматит, мрамор ж. б. тектер кезигет. Тектон. кыймыл Түндүк, Борбордук, Түштүк Кемин жаракаларынын житнде палеоген-неогенде башталган. Ургаалдуу тектоникалык кыймылдын натыйжасында Күнгөй жана Иле Ала-Тоолору мегантиклиналь, өрөөн мегасинклиналь болуп калыптанган. Алгачкы көтөрүлүүнүн ылдамдыгы жылына 0,02-0,04 мм болгон, ортонку төртүнчүлүк мезгилде 30 эсеге өсүп, жылына 3 ммте, голоцендин аягында 6 ммге тездеген. Ч. К. ө. - Теңир-Тоонун катуу жер титирөөлөр болуучу райондорунун бири. 1887-ж. 28майдагы Верный, 1889-ж. Челек, 1911-ж. 4-январдагы Кемин, 1938-ж. 21-июлдагы Кемин-Чүй жер титирөөлөрү чоң кыйроолорго дуушар кылган. 1911-жылкы жер титирөөдө Кемин тектоникалык жаракалары кыймылга келип, көптөгөн ири көчкүлөр жүргөн. 1938-ж. Ч. К. ө-нүн төмөнкү бөлүгү менен Боом капчыгайындагы жер титирөөдө көчкүлөр жүрүп, жаракалар пайда болгон.

Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы -10,5°С, июлдуку 17,0°С; жылдык жаан-чачыны 440 мм; тоо капталдарында 600-700 ммге чейин. Негизги суу артериясы - Чоң Кемин. Өрөөндө тоо көчкүлөрүнүн же морена тектеринин сууну бөгөп калышынан пайда болгон чакан көлдөр бар. Көбү Көл-Төр, Жашыл-Көл, Алматы, Көл-Алматы өрөөндөрүндө жайгашкан. Ч. К. ө-нүн алабында төртүнчүлүк мезгилдеги 1-муз каптоонун аянты 666 км2, экинчисиники 593 км2, үчүнчүсүнүкү 187 км2 болгон. Азыркы кездеги мөңгүнүн жалпы аянты 124 км2. Кар чеги 3850 м бийиктикте жатат. Ири мөңгүлөрү Ак-Суунун алабында жайгашкан. Чоң Кемин өрөөнүнүн ландшафты бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Жарым чөл тилкеси деңиз денг. 14001500 м бийиктикте жатат. Кара коңур топурактуу.

Ак кылкан, шыбак ж. б. чөп өсүмдүктөрү басымдуу. Талаа жана шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү жана бадалдар 1500-2500 м бийиктикте таралган. Талаа чөбү негизинен кызыл от, буудайык, көк шыбак, кара шыбак, бетеге, тоо сулу, айгыр жыгар ж. б-дан туруп, кара коңур жана тоонун кара топурагында өсөт. Шалбаа өсүмдүктөрү (шибер, сүйсөн, кой жалбырак, ат кулак, ак сокто, ыраң, түлкү куйрук, көбүргөн, шимүүр, теңге чөп, каз таман ж. б.) бадалдуу, узун чөптүү шалбаа, токой тилкелеринде (15003300 м) кезигет. Бадалдар шалбаалуу талаа тилкесинде (алтыгана, табылгы, ит мурун, төө куйрук, эчки тал ж. б.) деңиз деңгээлинен 1500-1800 м бийиктикте таралган. Токой деңиз деңгээлинен 18002700 м бийиктикте жазы тилкени түзөт. Мында негизинен карагай басымдуу, арча да кездешет. Каралжын тоо-токой топурагы мүнөздүү. Капчыгайларда арча, шилби, табылгы, ит мурун, ак шыбак, төө таман, бетеге, кызыл от, эшилме шагылдарда жана аскаларда ак шыбак, төө таман ж. б. өсүмдүктөр өсөт. 2700-3100 м субальпы, 3100-3500 м бийиктикте альп шалбаалары таралган. 3800 жден жогору түбөлүк кар, мөңгүлүү тилке андан төмөнүрөөк мамык чөп, эңилчек, доңуз сырты ж. б. өсүмдүктөр өтө сейрек кездешет. Чоң Кемин өрөөнү жаратылышынын түрдүүлүгүнө жараша табигый байлыктарга да бай. Көк-Ойрок жайлоосунда Кемин, Чүй өрөөндөрүнөн башка, Ысык-Көл өрөөнүнүн айрым райондорунун малы асыралат. Өрөөндүн кара топурактуу төмөнкү түзөң бөлүгүндө картошка эгилет. Токойлуу бадалдуу ландшафттар Чоң Кемин улуттук жаратылыш паркына айландырылып, эс алуу багытында пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4