Жаңгактар (лат. Juglans, L. 1753) - жаңгактар тукумундагы дарак, 20дай (40дай деген маалымат да бар) түрү мээлүүн, субтропик, тропик алкактарында (көбүнчө Түштүк Европа, Чыгыш Азия, Түндүк жана Түштүк Америка), 3 түрү КМШнын жазы жалбырактуу аралаш токойлорунда өсөт. Грек Ж-ы абдан баалуу. Ыраакы чыгышта 2 түрү бар: манжурия Ж-ы жана Зибольда Ж-ы. Кыргызстанда Ж. Фергана жана Чаткал кырка тоолорунун түштүк-батыш беттеринде өсөт. 28,2 миң га жерди ээлейт. Бийикт. 20 мге чейин, сөңгөгү түз, тегиз, кабыгы каралжын боз. Шагынын диаметри 10-12 м. Май айында гүлдөп, мөмөсү сентябрдын 2-жарымында, массалык түрдө октябрда быша баштайт. Мөмөсүндөгү май (75 %ке чейин), белок, (8-12 %), кант жана витаминдердин (А, В1, В2, С) ар түрдүүлүгү боюнча дүйнөдө 1-орунда турат: жегиликтүүлүгү, даамдуу, сиңимдүү, калориялуулугу менен айырмаланат. Жаңгак майы тамак-ашка керектелет, ошондой эле лак, самын жасоодо колдонулат; күнжарасы мал үчүн жергиликтүү тоют; жыгачынан мыкты буюмдар жасалат; мөмөсүнүн көк кабыгынан өңдөгүч заттар алынат жана башкалар.

Juglans major.

Колдонулган адабияттар түзөтүү